Тбилисидеги митингден кийин атайын күчтөр демонстранттарды артка сүрүп, баррикадаларды ура баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Митингдин катышуучуларын үн күчөткүчтөр аркылуу таркатууну суранышты. Эгерде ага да болбосо анда аларга каршы атайын каражаттар колдонулат.
Митингчилер артка чегинип, фейерверк менен жооп кайтарышууда. Социалдык тармактарда максаттуу камакка алуулар тууралуу кабарлоодо.
Белгилей кетсек, оппозицияны колдогон Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили буга чейин өлкөнүн мыйзам чыгаруу жыйынын легитимсиз деп таап, мөөнөтү аяктагандан кийин отставкага кетүүдөн баш тарткан.