Бүгүн, 1-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Транспорт министрлиги тарабынан бардык жолдор көзөмөлдөнүп жатат:
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
- Чыйырчык ашуусунда карды тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.
- Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылды. Жол ачык жана каттам бар.