Трамп ФБРдин жетекчилигине өзүнүн кеңешчисин көрсөттү

Америка Кошмо Штаттарынын шайланган президенти Дональд Трамп Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) директорлугуна өзүнүн кеңешчиси Кэш Пателди көрсөттү. Бул тууралуу саясатчы Truth Social социалдык тармагында билдирди.

"Мен Кэшьяп "Кэш" Пателдин Федералдык Тергөө бюросунун кийинки директору болорун сыймыктануу менен билдирем. Ал мыкты юрист", - деп жазган Трамп.

Буга чейин Трамп Франциядагы элчилик кызматка күйөө баласынын атасы Чарльз Кушнердин талапкерлигин көрсөткөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан