Бишкек мэриясы шаарга кирүүгө акча талап кылынат деген маалыматты четке какты

Бишкек мэриясы шаарга кирүүгө акча төлөнөт деген жалган маалымат экенин билдирди.

"Урматтуу шаар тургундары! Шаарга кирүүгө акча талап кылынат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул ФЕЙК!!!

Мындай сунуштамалар жайында коомдук талкууга алынып чыккан, шаар тургундарынын сын-пикирлерин жана коомдук пикирди эске алып, токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары мэрия шаардык муниципалитет учурда иш алып барган багыттардын ичинде жол оңдоо иштери, жол чырактардын иштөөсү боюнча санариптик чечимдер жана көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу маселесин чечүү үстүндө турарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан