Сириянын президенти Башар Асад шериктештеринин колдоосу менен Сирия өзүнүн аймактык бүтүндүгүн жана туруктуулугун коргой турганын, ошондой эле террордук топторду жок кыларын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ал БАЭ президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайян менен сүйлөшүп, Сирия өзүнүн аймактык бүтүндүгүн террористтерден жана алардын колдоочуларынан коргоого чечкиндүү экенин баса белгилеген.
Асад ошондой эле шериктештердин колдоосу менен Дамаск террордук топторду жок кылууга чечкиндүү экенин айтты.
Ал эми Аль Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын Сирия менен тилектештигин билдирген.