Өлкөдө бир түндө 2842 айдоочу жол эрежелерин бузду

Кыргызстанда бир түндө мас абалында унаа башкарган 41 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин эки айлык иш-мерчеминин алкагында 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү өлкө аймагында рейддик иш-чара өкөрүлдү. Анын негизинде жол эрежелерин одоно бузган 2 842 айдоочулар аныкталды.

- мас абалында унаа башкарган – 41 айдоочу;

- тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган – 29 айдоочу;

- ылдамдыкты ашырып айдаган – 578 айдоочу;

- каршы тилкеге чыгып унаа башкарган – 24 айдоочу;

Ал эми 286 авто унаа одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып короого киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан