Стоматологиялык технологиядагы 3D басып чыгаруу. Тиш техниги Адилет Абдимиталип уулу менен маек (видео)

Ар бир адам тиш дененин жалпы ден соолугуна таасир этерин билет. Заманбап стоматология кээде кереметтерди жаратат – дарыгер дээрлик талкаланган тишти калыбына келтире алат, тиштин формасын жана ордун оңдой алат. Кээде протездөө жана имплантация талап кылынат. Бул учурда тиш техниги жардамга келет.


Тиш техниги стоматолог-ортопед менен тыгыз кызматташып, ооздун үлгүсүн алуу жана даяр протездерди коюу үчүн иштейт. Тиш техниги тиш дарыгеринин айтуусу менен протездерди, тиштин калыбын жасайт.

SUPER.KG порталы ушул кесипти аркалаган Адилет Абдимиталип уулу менен маектешти. Ал тиш технигинин жумушу жана тишти кандай аппараттар менен жасай тургандыгы тууралуу кененирээк айтып берди.

- Тиш доктуру менен тиш технигинин айырмасы кандай, түшүндүрө кетсеңиз?

- Тиш доктур менен тиш техниктин айырмасы чоң. Тиш доктуру бул адамдар менен түзмө-түз иштешет. Мисалы, алардын милдеттерине тишти дарылоо, жулуу, тазалоо, брекет коюу кирсе, биздин жумуш тиш доктуру менен тыгыз байланышта болуу, стоматолог бейтаптан тиштин калыбын алып техникке берет. Анан техник аны бейтаптын оозуна сала тургандай кылып даярдап берет.

- Билишимче, орто окуу жайда окусаңыз керек?

- Ооба, бул кесипти орто окуу жайдан алдым. Тиш техниги кесибин жогорку окуу жайда окутпайт.

- Стоматологияда 3D басып чыгаруу технологиясын качан колдоно баштадыңыз? Буга чейин кандай техниканы колдондуңуз эле?

- Бизде 3D басып чыгаруу деген аппарат бар. Ал аппарат менен убактылуу тиштерди басып чыгарып, аны кантип даярдоого болорун көрүүгө болот. Буга чейин бизде убактылуу басып алуучу иштерди кол менен гана моделдөө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Азыр өнүккөн заманга жараша компьютердин жардамы менен 3D аппаратын колдонобуз. Бул аппарат менен бардык ишибиз жеңилдеп калды.

- Технологияны өздөштүрүүдө кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз?

- Эми ар бир ишти өздөшүрүп, үйрөнүү учурунда кыйынчылыксыз болбойт. Ошого жараша мээнети бар демекчи, кылдаттык менен маани берип, ар бир ишине карап көрүп үйрөнгөм. Ошол убактан бери бул иш менен алектенип жатканыма 4 жылдын жүзү болуп калыптыр.

- 3D басып чыгаруу акчаны жана убакытты үнөмдөйбү?

- 3D басып чыгаруу акчаны үнөмдөбөйт. Ошол эле учурда убакытты да алат. Анткени басып чыгарып, карап, ойлонуштуруп, анан жасаганда көп эле убакыт кетип калат. Мунун пайдасы – тиш сапаттуу, ойдогудай жасалат.

- Иш тажрыйбаңызда сиз жасаган тиштин калыбы туура келбей калган учурлар да болду беле?

- Албетте, болгон. Тажрыйбада тиштер түшпөй калуу же сынып калуу, жетпей калуу, өңү туура келбей калуу болуп турат. Тиш доктурлар алып келип берсе, кайрадан тууралап, жасап беребиз.

- Тиш техниги болуу үчүн кандай сапаттар керек? Күнүнө канча саат иштейсиздер?

- Тиш техниги болуу үчүн эң биринчиден биз сабырдуу, чыдамдуу болушубуз керек. Анткени биздин жумуш майда жумуштардын катарына кирет. Кылдаттык менен иштөө талап кылынат. Эгерде сабырдуу болбосоң анда бул жумушту алып кете албайсың. Көпчүлүгү бул иште иштей алышпайт. Тиш техниги белгиленген бир убакыт менен иштебейт. Буйрутмага карап иштейбиз. Кээде түнү-күнү иштеген учурларыбыз да кездешет. Кээде иштебей калган учурларыбыз да болот. Мисалы, мен төрт жылдан бери белгиленген бир график менен иштеп көрбөптүрмүн.

1.12.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан