Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолукту

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү – тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Маалымдалгандай, тараптардын жолугушуусу КЭРдин Чэнду шаарында "Борбордук Азия - Кытай" форматындагы тышкы иштер министрлеринин 5-жолугушуусуна катышуусунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери соода-экономикалык тармактагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурушту. Атап айтканда, айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт, банк секторлорундагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле "Эркештам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруу зарылдыгы баса белгиленди.

"Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары "Бир алкак, бир жол" демилгесинин маанилүү бөлүгү боло турган "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу этабын баштоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту. Бул контекстте тараптар үстүбүздөгү жылы жаңы "Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ийгиликтүү ачылышын белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары тараптар БУУ, ШКУ алкагында кызматташуу жана "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагында өз ара аракеттенүү, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибинин маанилүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан