Камчыбек Ташиев кыргыз деген сөз кандай чечмеленерин айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Facebook баракчасында тарыхчылардан кыргыз аталышын туура түшүндүрүүнү суранды.

"Менин сиздерге кайрылуума бир олуттуу маселе себеп болуп жатат. Кечээ алыскы бир мамлекетте жумуш менен жүрсөм, ал жакта менден сурап калышты "кыргыз деген кайдан келип чыккан? Биздин билишибизче, кыргыздар айтат, "бул "кырк кыз" деген сөздөн чыккан" деп. Ушул чынбы?" дешти. Мен "кыргыз деген сөз "кырылгыс", "түгөнгүз" анан кыргыз деп аталып калган" деп айттым.

Эмне үчүн мен муну айтып жатам. Себеби биз, кыргыздар, өзүбүз кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди, башкаларга түшүндүрүп берүүнү үйрөнүп, билип алышыбыз керек. Ар бир кыргыз мына ушуну сөзсүз билишибиз керек. Бул биздин тарых жана келечек! Ал эми тарыхчыларыбыз да туура түшүндүрүп берет деген ойдомун", - деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан