Биз социалдык тармакта

БУУ Газа тилкесине гуманитардык жардам берүүнү токтотту

БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттиги Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүүнү токтотуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу расмий билдирүүнү агенттиктин башкы комиссары Филиппо Лазарини X социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Биз Газага гуманитардык жардамдын негизги өтүүчү пункту болгон "Керем Шалом" аркылуу жардам жеткирүүнү токтотуп жатабыз", - деп жазды ал.

Лазарини 16-ноябрда куралдуу топтор гуманитардык жүк ташуучу унаалардын чоң кербенин басып алганын белгиледи. Ушундай эле окуя 30-ноябрда да катталган. Анда дагы куралчан адамдар БУУнун азык-түлүк жүктөлгөн унааларын басып алышкан.

"Бул оор чечим ачарчылык тездик менен күчөп турган маалда кабыл алынды. Гуманитардык жардамды жеткирүү эч качан кооптуу же сыноо болбошу керек", - деди ал.

Анын айтымында, Газада уланып жаткан курчоо, Израилдин тоскоолдуктары, жардам көлөмүн чектөө боюнча саясий чечимдер, жеткирүү жолдорундагы коопсуздук жана жергиликтүү полицияга кол салуулар менен гуманитардык иш-аракеттер мүмкүн болбой калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан