Кыргызстан – тарыхы бай өлкө, анын ар бир аймагы кайталангыс мурастарды, өткөн замандын улуулугун сактап келет. Байыркы петроглифтерден жана дөбөлөрдөн баштап, архитектуралык эстеликтерди жана Улуу Жибек Жолунун багытын өзүнө камтып келет. Ар бир аймакта тарыхый, кооз жерлер бар. Алсак, Жалал-Абаддагы Арстанбап шаркыратмасы же Баткендеги Айгүл-Таш тоосу.
Бул жерлерге байланыштуу жаралган уламыштар ата-бабалардын даанышмандыгы менен каада-салттарды даңазалап, заманбап жашоонунун ажырагыс бөлүгү, улуттук баалуулук болуп калды. Мындай жерлер өзүнө кайталангыс тарыхый окуяны камтып, жаңы багыттарды изилдөөгө шыктандырат.
Globus дүкөндөр тармагы жана Be Adam бренди кайрадан биригип, Кыргызстаныбыздын тарыхына жана маданий мурастарына арналган чектелген нускадагы “Кыргызстандын керемети” кийимдер коллекциясын түзүштү.
Бул жөн гана кийим эмес, стиль менен символиканы камтыган мезгилдерге саякат болуп саналат.
Өлкөнүн бардык жети аймагындагы белгилүү тарыхый жерлер жаңы заманбап дизайныбызда чагылдырылган:
· Сулайман-Тоо – Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан ыйык тоо жана ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген өлкөдөгү биринчи объект. Ал байыркы доорлордон бери эле чоң мааниге ээ болгон, муну петроглифтер тастыктап турат. Тоонун чокусунда 1991-жылы калыбына келтирилген “Сулайман такты” мечити жайгашкан.
· Айгүл-Таш – Баткен шаарынан 20 чакырым алыстыкта, сейрек кездешүүчү айгүл гүлү мекендеген атактуу тоо. Анын аталышы орус тилине “лунный цветок” деп которулат. Ал тоонун боорунда, көлөкө жерлерде өсүп, Баткен облусунун символу катары таанымал. Гүл Кызыл китепке киргизилген жана мамлекеттин коргоосуна алынган.
· Арсланбап шаркыратмасы – эң кооз тоолордо жайгашкан чоң жана кичи эки шаркыратмадан турат. Чоң шаркыратма 80 метрге жетет. Ал тар жерде аккандыктан бийик көрүнүштү жаратат. Шаркыратмалардын аталышы Арстандын оозу деп аталып келет. Анын себеби суунун күркүрөп түшкөн үнү дал ушундай элес калтырат.
· Чолпон-Атадагы петроглифтер – биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкка же VIII кылымга таандык таш бетине түшкөн сүрөттөр. Алардын көбү скиф айбанат дооруна туура келет, ал кезде жаныбарлар аскадагы сүрөт искусствосунун негизги элементтери болгон.
· Таш-Рабат – IX–X кылымдарга таандык байыркы кечилкана ордуна курулган, XV кылымга таандык кербен сарай. Жоромолдордун бири соода кербендерин коргоо үчүн курулган десе, экинчиси жергиликтүү бай курулушун толук бүтүрүүгө жетишпей калган дешет.
· Бурана мунарасы – Кыргызстандын түндүгүндөгү Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Ал IX-XI кылымдардагы Караханиддер мамлекетине таандык мунара. Бул тарыхый жай мамлекет тарабынан коргоого алынган археологиялык жана архитектуралык комплекс болуп саналат.
· Манастын күмбөзү. Уламыштарда Семетей өлтүрүлгөн атасы Манасты Акырташтан алып келип, сөөгүн ушул жерге койгон деп айтылат. Башка жоромолдор боюнча, мүрзөнү Манастын аялы Каныкей салып, душмандардын башын айлантуу үчүн башка бирөөнүн атын жазууну буйруган дешет.
“Кыргызстандын керемети” коллекциясы эки ата мекендик бренд тарабынан түзүлгөн. Анын философиясы кардарларга жана өлкөгө болгон сый-мамилеге негизделген. Буга чейин Globus дүкөндөр тармагы жана Be Adam бренди Кыргызстандын аймактарында өстүрүлгөн жашылча-жемиштерге арналган коллекция чыгарган.
«Биз өзүбүздүн каада-салттарыбыз менен сыймыктанабыз жана ата-бабаларыбыздын элесин сыйлайбыз. Биздин жалпы мурасыбыз ар дайым жүрөгүңүздө сакталып турсун», - деп белгилешет авторлор.
Мурункудай эле коллекциялар чектелүү жана анын негизги бөлүгү Globus’тун туруктуу кардарларына белекке берилет. Бирок аз сандагы футболкалар сатууга чыгарылат. Аларды тармактын төрт Globus дүкөнүнөн тапса болот:
Globus 1 (Аалы Токомбаев көчөсү, 53/1. Сухе-Батор көчөсүнүн кесилиши)
Globus 4 (Чүй проспектиси, 41Б),
Globus 11 (“АЛА-АРЧА” соода борбору, Ч. Айтматов проспектиси, 299Б)
Ош шаарында:
Globus 14 (Ош ш., Шакирова көч., 275)
“Кыргызстандын керемети” жыйнагы аркылуу тарых менен байланышты сезиңиз!
Аны ырахаттануу менен кийиңиз!