Владимир Путин Орусиядагы айдоочуларга жаңы талап киргизди

Орусиянын президенти Владимир Путин “Автомобиль транспорту жана шаардык электр транспорту” орус мыйзамынын 31-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамды жактырды. Документ Орусиянын ченемдик укуктук актыларынын расмий сайтында жарыяланды.

Анда рейд жүргүзүүчү кызмат адамы талап кылса, айдоочулар унаанын салмагын тартууга жана габариттик көзөмөлүнөн өтүүгө милдеттүү болот. Өз кезегинде текшерүүлөр автотранспорт каражаттарына федералдык мамлекеттик көзөмөлдүн алкагында жүргүзүлүүгө тийиш.

Мыйзам 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.

Буга чейин орус президенти Беларустун аймагына Орусиянын ОСАГО саясатынын жарактуулугун кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караган мыйзамга кол койгон.

Ал 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан