Садыр Жапаров расмий сапар менен Түштүк Кореяга учуп кетти

Бүгүн, 2-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров, Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен Сеул шаарына расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров менен Юн Сок Ёль жана Кореянын Улуттук Ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

"Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусу болот", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөрү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан