
Ош облусундагы Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп
Жуманазар Орозбаев дайындалды. Бул жөнүндө Ички иштер министрлиги билдирди.
Ноокат РИИБинин башчысынын орун басарлары болуп төмөнкүлөр дайындалды:
- Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары жана кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы болуп Медер Асанов;
- Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары, коомдук коопсуздук кызматынын башчысы болуп Сейитбек Молдобаев;
- Ноокат РИИБдин башчысынын кадр боюнча орун басары болуп Илимбек Маматеминов дайындалган.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчилерди эмгек жамаатка Ош ОИИБинин башчысы Нурланбек Бурканов жана Ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев тааныштырган.
"Ал эми мурда аталган кызматтарды жетектеп келген жетекчилер ИИМдин комиссиясынын текшерүүсүнөн кийин ээлеген кызматтардан бошотулган", - деп жазылат маалыматта.