Аламүдүн райондук транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин бөлүмү жарандарды эки нөөмөттө тейлейт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, аталган КТБ эртең мененки саат 08:00дөн түнкү 01:00гө чейин иштейт.
Мындай чечим жүктөмдү азайтуу, кезек күтүүнү жана «Биримдик 24» күнү-түнү иштеген бөлүмдүн аймагындагы жол тыгындарын алдын алуу максатында кабыл алынган.
Эске салсак, буга чейин эки нөөмөттүү иш графиги Военно-Антоновка айылында, «Риом Авто» унаа базарынын аймагында жайгашкан региондор аралык бөлүмдө киргизилген.
"Бул кезек күтүүнү кыскартууга, келгендердин агымын бир калыпта бөлүштүрүүгө жана тейлөө сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, аталган КТБ Элебесов көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан.