Улуттук банк “Айкөл Манас” алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды (сүрөт)

Улуттук банк бүгүн, 2-декабрдан тарта 200 сом номиналындагы “Айкөл Манас” алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, тыйындын алдыңкы бетинде ак мөңгүлүү Ала-Тоонун алкагында соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манас баатырдын образы чагылдырылган. Ал эми монетанын арткы бетинде кыргыз жоокерлерин символдоштурган улуттук орнаменттердин алкагында өлкөнүн герби түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, «Айкөл Манас» монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Коллекциялык монетаны нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча сайттан сатып алса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан