Каракол шаарында кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы өттү. Маалыматты облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
30-ноябрда өткөн иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Данияр Арпачиев, Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Кылычбек Рысалиев катышты.
Арпачиевдин айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча быйыл облуска 2 миллионго жакын турист келген.
"Анын 300 миңден ашууну чет өлкөлөрдөн келген туристтер. Бул көрсөткүч жылдан жылга өсүп жатат. Караколдогу лыжа базасы — Ысык-Көлдүн гана эмес, өлкөнүн туризм жаатындагы визиттик карточкасы болуп калды. Ушул жылы лыжа базасына баруучу 3 чакырым жол капиталдык оңдоодон өттү. Ошондой эле "Үч чоку" жана "Каркыра резорт" сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылып жатат", - деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө лыжа спорту боюнча көрсөтмө оюндар, кышкы спорт сүйүүчүлөрү үчүн атайын машыгуулар көрсөтүлдү.