Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир жигит каза болду

Орусиянын Саратов облусунда Кыргызстандын жарандары отурган Toyota Sienna үлгүсүндөгү минивен жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу "СарИнформ" басылмасы полициядагы булактарына таянып билдирди.

Маалыматка карганда, окуя кечээ, 1-декабрда болгон. 8 Кыргыз жараны кетип бара жаткан унаа түнкү 02:20 чамасында жолдон четке чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктан 27 жаштагы жигит каза тапса, 5 киши, тагыраагы, 29 жаштагы айдоочу, 41, 46 жана 60 жаштагы аялдар жана 27 жаштагы эркек киши алган жаракаттарынан улам ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан