Орусия 2025-жылга аскердик чыгымдарга эбегейсиз акча бөлүп, тарыхый рекорд жаратты

Орусиянын президенти Владимир Путин 2025-жылга мамлекеттик бюджетти кабыл алды. Анда армияга кеткен чыгымдар өлкөнүн бүткүл тарыхындагы рекорддук көрсөткүчкө жеткенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, 2025-жылы бюджеттин 32,5 пайызы – 13,5 триллион рубль (126 миллиард доллар) тармактын муктаждыктарына бөлүнөт. Бул 2023-жылдагы аскерий чыгымдардын деңгээлинен эки эсе, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик төрт эсеге көп. Ошентип аскердик бюджет өлкөнүн ИДПсынын 6,2 пайызына жетет, бул Орусия үчүн тарыхый рекорд болуп калат.

Бирок бул СССРдин чыгашаларына али жете электигин белгилей кетүү керек. Экинчи Дүйнөлүк согуш жылдарын кошпогондо, өлкө коргонууга бюджетинин дээрлик жарымын жумшаган, ал ар кайсы мезгилде 10дон 20 пайызга чейин өзгөрүп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан