Бишкекте таштандыны белгиленбеген жерге ыргыткандарга айып пул салынды 

Бишкекте уруксатсыз жерлерге таштанды ыргыткан жарандарга айып пул салынганын калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, туш келди таштанды ыргыткан жарандарга 5500 сом, ал эми ишканаларга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Анда Буденный, Шабдан баатыр, Огонбаев, Абдрахманов, Сүйүнбаев көчөлөрүнө, Чүй проспектисине жана Маевка айылына тиричилик жана курулуш таштандыларын уруксат берилбеген жерлерге таштаган шаар тургундарына жана ишканаларга 5500 сомдон 17 миң сомго чейин айып пул салынган.

"Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, бардык чарбалык субъекттер айланасында тазалыкты сактоого милдеттүү. Эрежелерди сактабаган адамдарга 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул салынат", - деп эскертти мэрия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан