Гвинеяда футбол беттеши учурунда ондогон адам каза болду

Гвинеянын Нзерекоре шаарында футбол оюну учурунда күйөрмандар ортосундагы кагылышуу орун алып, ондогон адам каза болду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, окуя "Нзерекоре" менен "Лабе" командаларынын финалдык беттешинде орун алган.

Аталган шаарда өткөн турнирдин финалдык оюнунда “Нзерекоре” менен “Лабе” командалары беттешип, жергиликтүү команданын дарбазасына пенальти дайындалган. Бул учур күйөрмандар тарабынан талаштуу деп табылып, алар оюн талаасына чуркап чыгып, таш ыргыта башташкан. Бул окуя кийинчерээк кагылышууларга алып келген. Анын кесепетинен жаракат алгандардын саны 100гө чукул экени айтылууда.

Гвинеянын премьер-министри Амаду Ури Ба социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өкмөт кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирген.

"Окуянын кесепетинен жабыркагандар бар. Аймактык бийлик калк арасында тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Өкмөт кырдаалды көзөмөлдөп жатат", – деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан