Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 3-декабрда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ага ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1 ... -6, күндүз +1 ... +6,
Таласта түнкүсүн -2 ... -7, күндүз +1 ... +6,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +5 ... +7,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +3 ... +5,
Нарын облусунда түнкүсүн -10 ... -12, күндүз -1 ... -3,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2 ... -4, күндүз +3 ... +5 градус болот.