Бүгүн, 2-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 688 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, суунун агып келиши секундасына 234 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 553 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, бир жума мурун 25-ноябрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 852 миллион куб метрди түзгөн.