"Манчестер Ситинин" атактуу футболчусу клубдан кетери айтылды

Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубунун 33 жаштагы жарым коргоочусу Кевин Де Брюйне англиялык клубдан кетүүнү чечти. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Бельгиялык супержылдыздын келишими бүтөт, мындан улам ал командасын алмаштыргысы келет. Маалыматка ылайык, Де Брюйне сауд арабиялык клубдардын кызыгуусун жаратууда, бирок ал өзү Европада калгысы келет.

"Барселона" мындан пайдаланууга даяр жана ага 2025-жылдын жайында келишим сунуштоого камданып жатат. Де Брюйне өзү да Ханс-Дитер Фликтин жетекчилигинде иштөөгө кызыкдар.

Де Брюйне бул сезондо 11 оюнда талаага чыгып, бир гол киргизип, бир жолу голдук пас берген. Transfermarkt порталында берилген маалыматка караганда, футболчунун учурдагы баасы 45 миллион еврону түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан