MEGA Бишкек-Каракол башкы туристтик трассасында тармактык камтууну жакшыртты!

Кышкы лыжа тебүү мезгилинин алдында 100% акциясы Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таандык болгон MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Кыргызстандын негизги туристтик трассасында жаңы базалык станцияларды ишке киргизгенин жарыялады. Бул кадам туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн көбүрөөк зарыл болгон жерлерде байланыштын сапатын жогорулатууга жана камтууну кеңейтүүгө багытталган.

Бишкек-Каракол жолунда базалык станциялардын ишке кириши кылдат талдоонун жыйынтыгы болду. Бир нече айлар бою компаниянын адистери топографияны, туристтик агымдардын бөлүштүрүлүшүн жана жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын изилдешти. Негизги көңүл калктуу пункттарга, популярдуу туристтик объектилерге жана тоо лыжа базаларына бурулду.

Базалык станциялар кубаттуу передатчиктери бар заманбап жабдуулар менен жабдылган. Бул конфигурацияга жана орнотуу жерине жараша 100 чакырымга чейинки аралыкка жетүүгө мүмкүндүк берди. Бул масштаб трасса боюнча туруктуу сигналды камсыз кылуудан тышкары, мурда камтуу аймагына кирбеген алыскы райондордо байланышты бир кыйла жакшыртууга шарт түздү.

MEGA Кыргызстандагы тоо лыжа базаларына келген туристтер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет жана ишенимдүү үн байланышы – бул ыӊгайлуулук гана эмес, бул айрыкча күтүүсүз аба ырайы жана татаал рельефи кооптуу кырдаалдарды жаратышы мүмкүн болгон тоолуу аймактардагы коопсуздук.

"Байланыштын туруктуулугун бекемдөө абоненттердин колдонуучулук тажрыйбасын жогорулатат. Бүткүл маршрут боюнча Интернетке жетки алуунун орточо ылдамдыгы 50 Мбит/сек’дан ашат, бул өлкөнүн мобилдик операторлорунун арасында бул тилкеде эң жакшы көрсөткүч болуп саналат", - деп бөлүштү MEGAнын радиоөлчөө инженери Эркинбек Чыныстанов.

Ошондой эле жаңы базалык станциялар жергиликтүү калк үчүн да олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келет. Мурда уюлдук байланыш туруксуз болгон аймактарда жашоочулар алардын күнүмдүк жашоосун жакшырткан заманбап байланышка ээ болушат.

MEGAнын демилгеси технологиялык инфраструктурага инвестиция кылуу туризмди өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга кандайча түрткү бере аларын көрсөткөн эң сонун мисал болуп эсептелет. Жаңы базалык станциялардын ишке кириши менен туристтер байланышта болуу менен, кыргыз тоолорунун кооздугунан ырахат ала алышат, ал эми жергиликтүү тургундар жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан