Элчи Казакбаев Стамбул провинциясынын губернатору менен жолугушту

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Стамбул провинциясынын губернатору Давут Гүл менен жолугушту.

ТИМ билдиргендей, тараптар жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Элчи президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевдин облуска иш сапары менен келүүгө расмий чакыруу катын тапшырды.

Ошондой эле Казакбаев Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин жетекчилиги астында экономиканы чыңдоого жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда Казакбаев губернатор Гүлгө Стамбул провинциясында жашаган Кыргыз жарандарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан