Бишкекте 12 миң доллар салынган сумкасын "Унаа" мекемесинин күтүү залына калтырып кеткен жаранга акчасы кайтарылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Андагы маалыматка караганда, 28-ноябрь күнү бир жаран унаасын сатып, акчасын сумкасы менен күтүү залында унутуп кетип калган. Сумканы бир киши көрүп калып, мекеменин кызматкерлерине тапшырган.
Ал эми аталган мекеменин кызматкерлери сумканын ээсин издеп таап, акчасын кайтарып беришкен.
"Унаа" мекемеси кайдыгер карабай, жоголгон сумканы алардын кызматкерине кайтарып берген жаранга ыразычылык билдирип, жарандарды жеке буюмдарына этият болууга чакырат.