Чүй облусунун Кемин районунда 43 жаштагы эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-ноябрда Кемин районундагы Тар-Суу айылынын 43 жаштагы тургуну Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Учурда аны издөө иштерине ӨКМден 4 куткаруучу, Кемин райондук милициясынан 7 кызматкер тартылды.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган жаран сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес. Ал эми минип жүргөн аты кайтып келген", - деп айтылат маалыматта.