Каппадокиянын визиттик картасы, анын символу делген "Үч сулуу" (түркчө: Üç Güzeller) Үргүп шаарчасынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Ал Каппадокиянын бардык жерлериндей эле вулкандардын атылышынын аркасында пайда болгон жана андан кийин жамгыр жана шамал аларды бүгүнкү күндөгү көрүнүшкө айландырган. Бул таң калычтуу аска айкелдери жерден өсүп чыккан үч укмуштуудай гигант козу карындарды чагылдырат. Алардын формасы ушунчалык кызыктуу жана өзгөчө болгондуктан, жанынан токтобой өтүп кетүү мүмкүн эмес.
Уламыштарга караганда ал таштар үй-бүлөнү сүрөттөйт: эне, ата жана бала. "Үч сулуунун" аталышы кызыктуу бир сүйүү окуясынан алынганы айтылат. Анда кеп башынан болсун.
Байыркы Каппадокиянын аймагында бир падыша жашаган имиш. Анын кызы, сулуу ханбийке койчуга ашык болуп калат. Бирок, падыша кызынын тандоосун жактыра албайт. Анткени сүйүп калган адамы койчу. Ханбийке кызынын койчуга турмушка чыгышын каалабаган текебер падыша, анын канча айтканына карабай, кызынын койчу менен бүлө куруусуна каршы чыгат. Атасын көндүрө албасын түшүнгөн ханбийке бир түнү сүйүктүүсү менен качып кетет.
Арадан убакыт өтүп, алар балалуу болушат. Ханбийке баланы көрсө, падыша жибип, ачуусу тарайт деген ойдо атасына жолугууну ойлойт. Бирок, таш боор падыша небереси бар экенин билгенде ого бетер каарданып, жоокерлерине кызы менен койчуну табууга буйрук берет. Ханбийке үй-бүлөсү менен аларды кууп келген аскерлердин курчоосунда калып, качып кутула албасын түшүнүшөт. Ошол учурда Кудайга жалынып, керемет сурайт. Ханбийкенин тилеги орундалып, бүт үй-бүлө өлбөс пери моруга айланат. Алдыдагысы койчу, ортодогусу бала, артындагысы ханбийке деген ишеним бар.
Айрым баласыз үй-бүлөлөр бул аңгемеде үй-бүлөнүн символу деп эсептелген "Үч сулуунун" жанындагы эңкейиштен 7 жолу өйдө-ылдый басып, перзенттүү болууну тилешет.
Мындан сырткары байыркы грек кудайлары Афина, Афродита жана Гера бул таштарда тоңуп калган деген да версия айтылат. Дагы бир уламышта ата-энесинин тандоосуна макул болбогон жана бай жигиттерге турмушка чыккысы келбеген үч бир тууган кыздар тууралуу айтылат. Атасы менен апасы кыздарын таш мамыга айлантып жазалашкан.
Каппадокиянын эң белгилүү туристтик жайлардын бири болгон бул үч пери мору аймактагы эң көп сүрөт тартылган жерлердин бири. Мында бул айкелдерден башка эч нерсе жок. Ошондуктан адатта, адамдар башка жакка баратканда ушул жерге токтошот. Ташка айланган "денелер" өзгөчө түнкүсүн жарыктандырганда абдан көркөм жана жандуу көрүнүшкө ээ болот.
Белгилей кетсек, бул пресс-тур Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият кеңешчилигинин демилгеси менен Түрк аба жолдору (Turkish Airlines) жана Түркиянын Туризмди өнүктүрүү агенттигинин (TGA) колдоосунда уюштурулду.