Бүгүн, 2-декабрда президент Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барды. Өлкө башчыны Сеул шаарынын аэропортунда аталган өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Жо Гу Ре тосуп алды.
Маалыматка ылайык, аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү, Ардак кароолдун ротасы тизилди.
Өлкө башчынын администрациясы кабарлагандай, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Кореянын Улуттук Ассамблеясынын Спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат. Ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.
Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушуусу болот. Мындан тышкары, мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.