Бишкек шаардык кеңешке "Адилет" партиясынан Бекжан Усеналиев төрага болуп шайланды

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешине жаңы дайындалган депутаттардын алгачкы жыйыны болуп өттү.

Анда 29-чакырылыштын депутаттары жаңы спикерди бир добуштан колдошту. Кеңештин төрагасы болуп "Адилет" саясий партиясынан барган Бекжан Усеналиев шайланды. Алгач эки депутат өз талапкерлерин коюп, кийинчерээк "Жаңы күч — Новая сила" партиясынын депутаты Жылдызбек Абдраимов өз талапкерлигин кайтарып алды.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда Кыргызстанда айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек шаардык кеңешке 5 партиядан 51 депутат шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан