Аксыда мектеп курган курулуш компания 7 миллион сомду жашырып калган 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мектеп салган курулуш компания 7 миллион 198 миң сомду кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, "МК С." компаниясы сметада каралган иштерди толук аткарбай, жасалма акт түзүп, курулушка бөлүнгөн акчаны уурдашкан. Ал эми тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары курулуштун толук бүткөн-бүтпөгөндүгүн текшербестен акчаны которуп, объектти пайдаланууга кабыл алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Аксы РИИБине тапшырылды.

Учурда зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан