Ысык-Көл облусунун аймагында милиция тарабынан "Арсенал" операциясы өткөрүлүп, 17 кылмыштын бети ачылды. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИББнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милиция коомдук коопсуздукту чыңдоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Операциянын натыйжасында 17 кылмыштын бети ачылып, анын ичинде зордуктоо, тоноо, уурулук, алдамчылык оор кылмыштар жана курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталды.
Облус боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 29 жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ок атуучу куралдарды, газ, пневматикалык, ыргытуучу жана электр куралдарын, ошондой эле ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуу) боюнча протоколдор түзүлдү.
Аймакта коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана коопсуздукту чыңдоо боюнча операциялар уланып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.