Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишим ратификацияланды 

Бүгүн, 2-декабрда президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Белгиленгендей, мыйзам 30-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Келишимдин негизги максаты ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди бирлик жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда андан ары чыңдоо болуп саналат. Келишим 1997-жылдын 8-апрелиндеги Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жана 2003-жылдын 25-декабрындагы Бирлик мамилелери жөнүндө келишимди толуктайт, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта бул келишим Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий, аскердик-техникалык, экономикалык, инвестициялык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле миграция жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү комплекстүү өнүктүрүүгө кошумча түрткү бере тургандыгы да кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан