Ноокенде “Чет элдик жаран” аталышындагы иш-чаранын негизинде, бир нече кылмыштын бети ачылды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жыл башынан бери милицияга Кочкор-Ата жана Ноокен райондорунун тургундары ар кандай буюмдарын жана майда мал жандыктарын белгисиз жарандарга уурдатап, тонотуп жибергендиктерин айтып кайрылышкан.
Натыйжада арыздануучулар 151 миң 800 сомдук зыян тартышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) жана 206-беренеси (Тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Ал эми 2024-жылдын 20-22-ноябрь күндөрү Ноокен райондун аймагында жүргүзүлүп жаткан “Чет элдик жаран” аталыштагы иш-чаранын негизинде бир нече кылмыштардын бети ачылган.
Шектүү катары Ноокен районунун 2005-жылы туулган У.А., 2006-жылы туулган А.Ж., 1992-жылы туулган А.С., жана 1983-жылы туулган М.А. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.