Өлкөдө балдарды өнүктүрүү борборлору кандай иш алып барып жаткандыгы айтылды

Республика боюнча китепканалардын алдында 300 эрте өнүктүрүү борбору иштеп жатат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, эрте өнүктүрүү борборлору - билимге, маданиятка жана чыгармачылыкка басым жасаган багыттар боюнча ачылган.
"Алар балдардын жашоосуна оң таасирин тийгизүү менен келечек муундун өсүшүнө салым кошот. Бул борборлордун негизги ишмердүүлүгү билим берүү программаларын, социалдык жөндөмдөрдү, чыгармачылыкты өнүктүрүү, ата-энелер үчүн колдоо, китепкана ресурстарын пайдалануу, балдардын камтылышын көбөйтүү багыттарын камтыйт. Балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүлүп, оюндар, кол өнөрчүлүк жана башка иш-чаралар аркылуу чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, аталган борбор айыл жергелеринде да ачылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан