Апасынын өздүк майрамында ырчы Нурила ага унаа белекке берди. Бул туурасында ал Инстаграм баракчасына билдирүү калтырып, видеосу менен бөлүшкөн.
Анда ырчы айым кыялдарынын бири орундалганын белгилеген.
"Кудай буйруса дагы бир кыял орундалды. Апамдын туулган күнүндө темир тулпар белек кылдык. Өмүр жашыңыз узун болсун, бейишим", - деп калтырган видеонунун түбүнө.
Ошондой эле барын уюштурган продюсерине ыраазылык айткан.