Чүй облусунун Кемин районунда 43 жаштагы Мирлан Шакиев дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 29-ноябрда саат 09:00 чамасында Тар-Суу айылындагы үйүнөн Жалгыз-Тал жайлоосу тарапка ат менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Жакындарынын айтымында, анын аты кайтып келип, өзү келген эмес.
Бул окуя Кемин РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Белгилери: Бою 170-175 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, чачы кыска, ак аралашкан.
Кийген кийими: кара түстөгү камуфляж костюм, башына кара-жашыл түстөгү кепка, бутуна кара түстөгү ботас.
Милиция Шакиев тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну суранат 0705507071, 0701886295 (нөөмөт бөлүмү).