Казак дзюдочусу Абужакынова "Олимпиадада ыйлап унаа алдың" дегендерге жооп берди

Казакстан дзюдо курамасынын мүчөсү Абиба Абужакынова Париж Олимпиадасынан кайтып келгенден кийин аны сындагандарга жооп берди.

Ал Sportbugin подкастына берген маегинде Олимпиадада медалга жетпесе да, өлкөгө кайтып келгенде жеке ишкерлер ага 3 унаа белек кылышканын эске салып, бул интернет колдонуучулары тарабынан сынга алынганы көңүлүн оорутканын айткан.

"Абибага унаа алып берели" деп элден акча чогулткан эмес. Жеке ишкерлер өз чөнтөгүнөн берип жатышат. Бирөө мага "ыйлап жатып унаа алып алдың" деп жазыптыр", - деген дзюдочу.

Спортчу айым кандай учур болбосун эмоциясын ошол маалда, тагыраагы, татамиде билдире аларын белгилеген.

Белгилей кетсек, Абужакынова Париждеги Олимпиада оюндарында алдыңкы бештикке кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан