Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүлчамбар койду (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Түштүк Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга гүлчамбар коюу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырларды эскерип, Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырган.

Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий и-сапар менен кечээ, 2-декабрь күнү учуп кеткен. Ал жактан өлкө башчы Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Түштүк Кореянын Улуттук Ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан