
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычынан мыйзамсыз чачыранды алтын казып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө өлкөнүн Башкы прокуратурасы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
Ага ылайык, текшерүүдө суу сактагычтын аймагынан жалпы аянты 2,6 гектарды түзгөн төрт участкасында жеке ишкер тарабынан мыйзамсыз чачыранды алтын чайкоо жолу менен казылып жаткандыгы аныкталган.
Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам жайыт жана сугат айдоо категориясындагы жерлердин кыртышы бузулуп, мамлекетке 29 миллион 801 миң 50 сомдук экологиялык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренеси (жерди бузуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.