Өзбекстан жаштар арасындагы Азия оюндарын өткөрүү укугунан ажырады

Коңшу Өзбекстан 2025-жылы өтө турган III Азия оюндарын өткөрүү укугунан ажырады. Бул тууралуу Азия олимпиадалык кеңеши (OCA) билдирди.

Оюндар 2025-жылы Ташкентте эмес, Бахрейнде өтмөй болду.

"Азия олимпиадалык кеңеши алгач Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөрүлүшү пландалган III Азия жаштар оюндарынын өтө турган жерин алмаштырды. Азия оюндарын эми Бахрейнде өткөрүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитети Ташкентте Олимпиадалык шаар курулушу бүтпөй калгандыгына байланыштуу 2025-жылдын 7-20-сентябрына белгиленген жаштардын Азия оюндарын өткөрүү мүмкүн эместигин билдирип, Азия олимпиадалык кеңешине кат жолдогон.

Бул мелдештер 2026-жылы Сенегалдын Дакар шаарында өтүүчү Жаштар Олимпиадасына тандап алуу мелдеши. Мындан улам анын датасын алмаштыруу мүмкүн эмес.

Өз кезегинде Бахрейн Олимпиадалык комитети 2025-жылы оюндарды өткөрүүгө даярдыгын билдирип, спорттук жайларды, жатаканаларды жана медициналык кызматтарды камсыздаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан