Бүгүн, 3-декбарь Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Ысык-Көл облусунда жайкашкан чокуну Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу деп атоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Аталган чоку Ак-Суу районунда Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрге жетет.
Эске салсак, 2-июлда Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен келген БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы чокулардын бирине БУУнун аты ыйгарылгандыгы тууралуу сертификат тапшырган.