Чүйдө коомдук унаанын айдоочусу жүргүнчүнү катуу сабап салды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда маршруттук каттамдын айдоочусу жүргүнчү менен уруша кетип, аны сабап салган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Окуя ушул жылдын 31-июль күнү саат 14:00 чамасында Ысык-Ата районунун Энергетик дачасында болгон. Анда 1968-жылы туулган Ф.А. аттуу жаран №341 кичи автобуста бара жатып, анын айдоочусу Н.А. менен оозеки уруша кеткен. Жаңжалдын кесепетинен 1995-жылы туулган айдоочу жүргүнчү менен мушташа кетип, аны сабап салган.

Жыйынтыгында жүргүнчү Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жеткирилген.

Аталган факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү катары жаран Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан