Бүгүн, 3-декабрда президент Садыр Жапаров Кореянын президентинин Сеулдагы кеңсесине барды. Ал жерде мамлекет башчысын Кореянын президенти Юн Сок Ёль тосуп алды.
Президенттин администрациясы билдиргендей, салам алышкандан кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Андан ары лидерлер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, сүйлөшүүлөр залына өтүштү.
Белгилеп өтсөк, Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен кечээ, 2-декабрь күнү учуп кеткен.