Германиянын канцлери Олаф Шольц кечээ, 2-декабрда Киевге барды. Сапарынан кийин эле ал дароо социалдык тармактагы баракчасы аркылуу орус президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдоду.
Шольц акыркы эки жарым жылда Киевге биринчи жолу келди. Иш сапары учурунда Шольц Киевге ушул жылдын декабрь айында дагы 650 миллион евролук курал-жарак жеткирилерин жарыялап, андан соң социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путинге арналган пост жарыялады.
"Менин Киевден Путинге кайрылуум: Биз бул жерде узак мөөнөткө болобуз. Биздин Украинага болгон колдообуз алсырабайт. Биз украин элин канчалык зарыл болсо, ошончолук колдойбуз", - деп жазды Германиянын канцлери.