Бишкекте алдамчылыкка шектелиип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-ноябрда милицияга Д.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал октябрь айында У.Т. аттуу жаран "чогуу бизнес ачабыз" деген шылтоосу менен ишеничине кирип, 55 миң доллар алганын, кийин акчасын кайтарып бербей из жашырып кеткенин айткан. Жабырлануучунун айтымында, алар iPhone 16 Pro Max үлгүсүндөгү телефондорду сатып алып, кайра сатышмак.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен 2 айга №1 тергөө абагына камалган.
Учурда анын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.