Атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедовго таандык Махачкала шаарында жайгашкан Абдулманап Нурмагомедов атындагы өнөр мектеби жабылууда. Бул тууралуу орус телеграм каналдары жазышты.
Маалыматка ылайык, клубдун ордуна турак жай комплекси курулат. Жаңы зал 2026-жылы Жаңы Хушет айылында ачылат деп күтүлүүдө. Бирок бул маалыматты азырынча бир дагы чиновник тастыктай элек.
Эскерте кетсек, жайында күч органдарынын өкүлдөрү Абдулманап Нурмагомедов атындагы өнөр мектебинде тинтүү жүргүзүшкөн. Тартип сакчылары Дагестандагы терактка катышкан согушкерлердин бири Гаджимурад Кагировго байланыштуу мектеп окуучуларын суракка алышкан.