Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселесине байланышкан кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-декабрда болгон кеңешмеге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышкан.
Иш-чарада Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселеси кеңири коомчулуктун катышуусунда өтүшү керектигин белгилеген.
"Кыргызда "кеңешип кескен бармак оорубайт" деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, аталган маселеге бардык жарандар катышып, текстин жана обонун сунуштоого эч кимге чектөө коюлбашы керек. Эл акыны же тажрыйбалуу композиторлор эле эмес, бардык чыгармачылыкка кызыккан жарандар өз вариантын сунуштай алгыдай мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл. Алардын ичинен өлкөбүздү даңазалап, элибизди алдыга сүрөп, демине дем кошо турган мыкты гимнди атайын комиссия тандап, Жогорку Кеңешке киргизиши шарт", – деген ал.
Муну менен катар төрага кийинки жумада тиешелүү комиссиялар түзүлүп, эң кеч дегенде келе жаткан жылдын апрель айына чейин жаңы гимн кабыл алынышы керектигин белгилеп, аталган убакытка чейин кеңири талкуулар уюштурулуп, сынактар өткөрүлүп бүтүшү зарыл деген оюн айткан.
"Жолугушууда азыркы гимндин текстине жана обонуна байланыштуу түрдүү пикирлер көтөрүлүп, кайырмасы Кыргыз ССРинин гимнине толук окшош экени мисал келтирилди. Мындан сырткары коомчулукта гимн үчүнчү жак менен жазылып калганы боюнча да сын-пикирлер бар экени айтылды. Андыктан эгемендүүлүгүбүздүн эң негизги символдорунун бири саналган гимн жаңы багытта, жаңы көз карашта жазылышы керектиги белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Кеңешменин соңунда мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасына жаңы кабыл алына турчу гимндин текстине өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлган.
Эске салсак, Шакиев 25-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүүнү сунуштаган болчу. Анын демилгеси коомчулукта кызуу талкууга алынып, төрагага карата ар кандай сын-пикирлер айтылган.