Араван райондук коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча орун басары 120 миң сом алып жаткан жеринен пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Тактап айтканда, 28-ноябрда УКМКга жаран Араван райондук ИИБинин кызматкерине карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Аталган жарандан кылмышка шектелип Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткан уулуна карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандоого көмөктөшүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө акча каражаты опузаланган.
"Өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык кызыкчылыгына каршы келген мыйзамсыз аракеттерин улантууда. Сузак РИИБинин жаңы имаратынын ачылышында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын негизги милдети элдин ишенимин актоо, мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулукту азайтуу экендигин белгилеген. Ошондой эле төрага күч түзүмдөрүндө мыйзам бузуучуларга каршы күрөш улана турганын, ал эми мыйзамды бузган бардык кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жоопкерчиликке тартыларын айткан. "Силер милициянын формасын кийгенде, ошол формага татыктуу болушуңар керек" деп өздүк курамга эскерткен", - деп билдиришти УКМКдан.